воскресенье, 23 июня 2013 г.

Текст песни Кубаныч Сатаев "Эстедим"

Жадыраган жазым сен элең,
Жандай көрүп сүйөм дечү элең.
Жаркыраган айдай периштем,
Түбөлүктүү бактым сен элең.


Кайырма:
Сүйүүм менден узап кетерин,
Бир жүргөндө баркың сезбедим.
Сүрөтүңө карап отуруп,
Ойноп-күлгөн күндү мен эстедим.

Кара көздүү сулуу кыз элең,
Сүйүүм менин калпыс түш белең?
Табыштырган жазгы сүйүүбүз,
Күздө кетер келгин куш беле?

Кайырма:
Сүйүүм менден узап кетерин,
Бир жүргөндө баркың сезбедим.
Сүрөтүңө карап отуруп,
Ойноп-күлгөн күндү мен эстедим.

Ошол күндөр өттү билинбей,
Эрте соолгон жаздын гүлүндөй.
Бакыт тилеп сага аргасыз,
Жашап келем бирок түңүлбөй.

Кайырма:
Сүйүүм менден узап кетерин,
Бир жүргөндө баркың сезбедим.
Сүрөтүңө карап отуруп,
Ойноп-күлгөн күндү мен эстедим.

Комментариев нет:

Отправить комментарий